Билим жана маданият

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
26/03 19:00
 

Ж.Сатыбалдиев: "1-сентябрга карата өлкөнүн баардык аймагында 63 жаңы мектеп пайдаланууга берилет"

Ж.Сатыбалдиев: "1-сентябрга карата өлкөнүн баардык аймагында 63 жаңы мектеп пайдаланууга берилет"

Бишкек, 26-март /Кабар/. 26-мартта КР премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык салым статьясы боюнча курулуш объекттерин каржылоону ачуу боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Жантөрө Сатыбалдиев быйылкы жылы 1-сентябрга карата өлкөнүн баардык аймагында 63 жаңы мектеп пайдаланууга бериле тургандыгын белгиледи.
«Мектептерди өз убагында пайдаланууга берүү жана алардын сапатына КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча агенттиктин директору Каныбек Нарбаевге жеке жоопкерчилик жүктөлөт. Быйыл биз өткөн жылдагыдай курулуш сезонун өткөрүп жибербестен, пландаштырылган социалдык объекттерди аяктоого жетишишибиз керек», - деди Ж.Сатыбалдиев.
 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу