Билим жана маданият

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
21/12 13:04
 

Эртең Бишкекте маалымат технологиялары боюнча экинчи форум болот

Бишкек, 21-декабрь. /Момунов Эмилбек - Кабар/. Эртең, 22-декабрда Бишкектеги кыргыз-түрк «Манас» университетинде жыл сайын өтүүчү Кыргызстандагы информациялык технологиялардын (КИТ-форум) экинчи форуму өз ишин баштайт. Бул IT чөйрөсүндөгү ири иш чара болуп саналат. Мындай маалыматты бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында “Интернет саясаттагы жарандык демилге” коомдук фондунун директору Татту Мамбеталиева билдирди.

Анын айтуусунда, форумдун негизги максаты жана милдети – республиканын жетекчилеринин жана жарандарынын көңүлүн IT-технологияны өнүктүрүүгө көңүл буруу болуп саналат. «Биз бул тармакта изилдөөнүн үч түрүн өткөрдүк. Атап айтканда, мамлекеттик сайттарга, министрликтер менен ведомстволуктардагы ички автоматташтырылган системаларга баа бердик. Мындан тышкары интернет-колдонуучулардын санынын өсүшүн эсептеп чыктык. Ал ишибиздин жыйынтыгы эртең аталган иш чарада чыгарылат», - деди Т.Мамбеталиева.

Т.Мамбеталиева ошондой эле Кыргызстанда интернет-колдонуучулардын саны акыркы жылдары азайып кеткендигин, Бишкек шаарында-60, башка аймактарда 40% экендигин кошумчалады.

Аталган иш чаранын уюштуруучулары бул форум катышуучулардын ортосунда пикир алышууга, сунуштарды айтууга жана идеяларды жаратууга мүмкүнчүлүк түзөт. Дүйнөлүк жана аймактык IT-технологияны иштеп чыгуучулар өз продукциясын көргөзө алышат. Ошондой эле каалоочулардын баардыгы IT-технологияны күнүмдүк турмушка киргизүү менен колдонуунун артыкчылыгын өз көздөрү менен көрө алышат.


 

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу