15.12.2011, 12:13

“Добушуңду бер...” долбоору кезектеги жеңүүчүсүн аныктады

 “Добушуңду бер...” долбоору кезектеги жеңүүчүсүн аныктады

Бишкек, 15-декабрь. /Махабат Момуналиева-Кабар/. INFOX*1200 маалыматтык борбору “Добушуңду бер...” долбоору “Инсандык өсүп-өнүгүү жана каржылык сабаттуулук боюнча мыкты тренинг-борбор” номинациясы боюнча жеңүүчүнү аныктады. “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында КР Соода-өнөр жай палатасынын “КыргызЭкспоБорбор” департаментинин жетекчиси Виктор Линовицкий бул номинациянын жеңүүчүсү “САМО” Эл аралык адам затынын өнүгүшү борбору” табылгандыгын айтты.
 

INFOX*1200 маалыматтык борборунун расмий сайтында жүргүзүлгөн сурамжылоого 1256 абонент катышып, алардын 1 миң 18и “САМО” борборуна өз добушун беришкен.
 

Шоу-бизнестин өкүлү Мурат Каипов “САМО” борборунун тренингдери адамдарга абдан зарыл экендигин айтты. “Борбордун жетекчиси Саидмурод Давлатовдун китептери сүймөнчүлүккө ээ болууда. Ал адамдардын алдыга койгон максатын ишке ашырууга жардам берет”, - деди ал.
С.Давлатов адам канчалык акылдуу болсо жашаганга ошончолук жеңил боло тургандыгын баса белгиледи.