Аймак

Сентябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
20/01 17:47
 

Кочкор районунда мектеп окуучусунун өлүмүнө байланыштуу акимдин орун басарына сөгүш берилди

Бишкек, 20-январь /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 20-январында Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун катышуусунда Кочкор районунун коллегия отуруму болуп, анын жүрүшүндө мектеп окуучуларынын ортосундагы жаңжалдын кесепетинен бир бала каза болгонуна байланыштуу жана мектептерде окуу-тарбия иштери өз деңгээлинде көзөмөлгө алынбагандыгы үчүн акимдин орун басары Элмира Садыковага сөгүш берилди. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

Анда райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыл жыйынтыктары боюнча маалыматтар айтылып, райондогу жетишкендиктер жана кетирилген кемчиликтер боюнча бир нече пунктан турган чечим кабыл алынды. Алардын катарында облус башчынын сунушу менен мектептерде окуу-тарбия иштери өз деңгээлинде көзөмөлгө алынбагандыгы үчүн акимдин орун басары Элмира Садыковага сөгүш берилди.

Эске салсак, кечээ, 19-январда кечки саат 20.30-21.00 чамасында Кочкор айылындагы Капар Кыдыралиев атындагы мектептин 6 окуучусу арасында мушташ болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча аталган мектептин 5 окуучусу К.А. аттуу окуучунун үйүнө барып чакырып чыгышкан. Уруш чыгып, ур-токмокко ала башташканда К.А. ала чыккан бычагы менен 2 баланы сайган. Алардын бирөөсү З.уулу Ж. кан көп кетип калганынан улам каза тапты. Ал эми Т. уулу А. аймактык ооруканада.

Тиешелүү органдар тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу