Аймак

Июль 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
20/01 14:44
 

Кочкордо мектеп окуучусу каза болгон жаңжалдан кийин билим берүү жаатындагы кызмат адамдары жазага тартылды

Бишкек, 20-январь /Кабар/. Бүгүн КРнын Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева иш сапары менен Нарын облусунда жүрөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Кочкор, Ак-Талаа, Нарын райондорундагы жана Нарын шаарындагы мектептерге барды. “Атап айтканда Кочкор айылындагы Капар Кыдыралиев атындагы мектепте болду, мектептин окуучулары мушташа кетип, анда бир бала каза тапкан, дагы бири жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Гүлмира Кудайбердиева ооруканада жаткан мектеп окуучусунун абалын сурады”,-деп айтылат министрликтин маалыматында.

Ведомстводон белгилегендей, министр аталган жаңжал боюнча Кочкор районунун кими менен биргеликте кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Г.Кудайбердиева тарбиялык иштеринин начарлыгын, балдардын ата-энелери менен байланыштын жоктугун белгиледи. “Кеңешменин жыйынтыгында Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси иштеп алынды. Ошондой эле, районого К.Кыдыралиев атындагы мектептин директорун иштеп алуу тапшырылды”,-деп белгиленген министрликтин маалыматында.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу