Аймак

Сентябрь 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
20/01 11:26
 

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү окуучулар арасында чыккан чырга байланыштуу Кочкор районуна келди

Бишкек, 20-январь /Кабар/. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Кочкор районунда мектеп окуучулары арасында чыккан чырга байланыштуу Кочкор районуна келди. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2017-жылдын 19-январында кечки саат 20:30-21:00 чамасында Кочкор районуна караштуу Кочкор айылындагы Капар Кыдыралиев атындагы мектептин окуучуларынын арасында мушташ чыккан.

Окуучулардын ортосунда чыккан чырдан улам 2000-жылы туулган З.у.Ж. каза болуп, 2000-жылы туулган Т.у.А. аймактык ооруканага жаткырылган.

Облус башчы учурда мыйзам чегинде кырсыктын себептерин аныктоо жана тыкыр териштирүү иштерин жүргүзүү боюнча укук коргоо органдарына тапшырма берди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу