Аймак

Ноябрь 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30    
19/01 16:58
 

Ак-Сай өрөөнүндө кыштап жаткан малчыларга жол ачылды

 Ак-Сай өрөөнүндө кыштап жаткан малчыларга жол ачылды

Бишкек, 19-январь /Кабар/. 18-январда Ак-Сай өрөөнүндөгү малчыларга Ат-Башы-Ак-Муз-Кында каттамы аркылуу жол ачылды. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

Маалыматка караганда, Ак-Сай өрөөнүндө быйыл кардын калың түшүшү менен малга тоют тартыштыгы жаралган. «Кыштоодогу малчыларга тоют жеткирүү үчүн жолдорду ачуу боюнча облустук жарандык коргонуу комиссиясы, райондук жарандык коргонуу комиссиясы иш алып барды. Жол тазалоо иштерине Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусундагы башкармалыгынын начальниги Токтобек Шонкоев жеринде көзөмөлгө алып, жергиликтүү бийлик жана жол тейлөө ишканасы, тиешелүү мекемелер менен биргеликте тазалоо иштерин колго алышты»,-деп айтылат билдирүүдө.

Жыйырма күн мурун Ат-Башы-Торугарт-Кында жолу тазаланган. Бирок, аралыгы 470 чакырымды түзгөн бул жол алыс болгондуктан, 58 малчы жайгашкан кыштоолорго тоют жеткирүү кыйынчылык жараткан.

Малга тоют жеткирүүнүн кыска жолу катары 83 чакырымды түзгөн Ат-Башы-Ак-Муз-Кында жолун тазалоо чечими кабыл алынып, 9-январдан тарта техникаларды даярдоо иштери жүрүп баштаган. Анда ӨКМ тарабынан 4 тонна күйүүчү май алып келинип, жол тейлөө ишканасынан 2 бульдозер, 2 погрузчик ишке тартылды.

Кында ашуусун тазалоодо катуу соккон шамал жана абанын температурасы – 40 градуска жетиши тазалоо иштерине кыйынчылык жараткан.

Эске сала кетсек, 18-январдан баштап Ат-Башы-Ак-Муз-Кында жолу аркылуу Ак-Сай өрөөнүнө малчылар тоюттарын жеткирип жатат. Ал эми Өкмөт башчы С.Жээнбековдун тапшырмасына ылайык, ӨКМден кошумча эки оор жүк ташуучу унаалар жиберилип, тоют ташуу иштерине жардам берилүүдө. Малчыларга райондук медицина кызматкерлери, ветеринарлар дагы барып иш жүргүзүүдө.

1 из 8

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу