Аймак

Декабрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31
19/01 16:29
 

ОшМУда айлык акылар жогорулады

 ОшМУда айлык акылар жогорулады

Бишкек, 19-январь /Кабар/. ОшМУда профессордук-окутуучулук курамдын, окуу-көмөкчү персоналдардын, административдик чарба кызматкерлердин айлык акылары жыл сайын үзгүлтүксүз жогорулап келе жатат. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Быйылкы жылы да ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы, кызматкерлери январь айынан баштап негизги кызматтык окладына буга чейинки кошулган стимулдардан сырткары негизги кызматтык окладына 30-40%га чейин кошулган эмгек акыларды ала башташат.

ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков айлык акылардын жогорулашы боюнча: “Профессор, окутуучуларыбыздын, кызматкерлерибиздин ишке болгон кызыгууларын арттырып, социалдык абалдарын жакшыртуу үчүн жыл сайын финансы булактарын сарамжалдуулук менен пайдаланып, университеттин окутуучуларынын айлык акыларын жогорулатуудабыз”,-деди.

Кошумчалай кетсек, декабрь айында ар бир кызматкерге жаңы жылга карата бир оклад өлчөмүндө 13 айлык сыйлык акчалар төлөнүп берилди.
Соңку 5 жыл аралыгындагы эмгек акыны 6 жолку жогорулатуу менен бүгүнкү күндө анын өлчөмү бир ставкада иштеген илимдин доктору, профессор – 34 440 сом, илимдин кандидаты, доцент – 28 020 сом, улук окутуучу – 19 600 сом, окутуучу үчүн – 15 350 сомду түзүүдө.

1 из 4

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу