Аймак

Ноябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      
19/01 09:26
 

Нарында «II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына» катышкан комузчуларга Президенттин ыраазычылык каты тапшырылды

Нарында «II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына» катышкан комузчуларга Президенттин ыраазычылык каты тапшырылды

Бишкек, 19-январь /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 18-январында, Нарын шаарында «II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында» миң комузчунун катарында күү черткен жаш өнөрпозчуларга Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин ыраазычылык каты тапшырылды. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы Дүйшөк кызы Айнура билдирди.

Нарын шаарында өткөн тапшыруу аземинде Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов комузчуларга ыраазычылыгын билдирип, көчмөндөр оюнунун ачылышында чертилген күү дүйнө элин таасирленткенин белгиледи.

“Миң комузчунун катарында Нарын облусунан 250 комузчу катышканы биз үчүн сыймык болду. Улуттук аспапты унутта калтырбай алып кете алчу жаштарыбыз артыбызда бар экенине дагы бир ирет ынандык. Өлкө башчыбыз Алмазбек Шаршенович Атамбаев сиздерге жогорку баасын берип, саламын жолдоо менен бирге ыраазычылык каттарын жиберди. Баарыңыздарга бир учурда ыраазычылык каттарды тапшырып жатабыз. Азыркы учурда күндүн суугуна жана жол алыстыгына байланыштуу бардык райондордон катышкан жаш комузчулар үчүн жер-жеринде салтанаттар өткөрүлүп жатат”,-деди өз сөзүндө.

Ошондой эле, облус башчы чыгармачылыгында ырчылык менен комузчулукту бирдей өөрчүткөн жана өнүктүргөн айтылуу Атай Огомбаев элдик обондордун кайталангыс берметтери менен сугарылган ырлардын гана зергери эмес, комузда колун миң түрлөнтө кубулта ойнотуп черте алган алп инсан болгонун белгилеп өттү.

1 из 6

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу