18.01.2017, 17:57

Ысык-көлдүктөр авиакырсыктан жабыркагандарга азык-түлүк, буюм-тайымдарды активдүү чогултушууда

Ысык-көлдүктөр авиакырсыктан жабыркагандарга азык-түлүк, буюм-тайымдарды активдүү чогултушууда

Бишкек, 18-январь /Кабар/. Облус жетекчиси Асхат Акибаевдин тапшырмасы менен Боинг-747 самолетунун кулашынан улам жабырланган үй-бүлөлөргө жардам берүүнү уюштуруу боюнча штабдын кезектеги жыйыны болду. Бул тууралуу Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, Балыкчы, Каракол шаарларынын жарандары жардам чогултуу пукнтарына азык-түлүктөрдү, буюм-тайымдарды активдүү түрдө алып келишүүдө.

“Мындан тышкары, бардык облустук, райондук, шаардык структуралар жабырлангандарга жардам катары бир күндүк эмгек акыларын которушарын билдиришти”,-деди басма сөз кызматынан.

Ошондой эле, облустун жетекчиси, акимдер, мэрлер тарабынан облус аймагында иш жүргүзүп жатышкан алдыңкы бизнес-комчулук өкүлдөрүнө авиакырсыктан жабыркагандарга кошумча жардам берүү сунуш кылынган.

Белгилей кетсек, 16-январдан тартып Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, облустагы бардык 5 район администрацияларынын, Каракол, Балыкчи, Чолпон-Ата шаарларынын мэрияларынын имараттарында Бишкектин жанындагы авиакырсыктан жабыркагандарга гумжардам чогултуу пунктары иштеп жатат.