Аймак

Ноябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      
18/01 14:39
 

Авиакырсыктын кесепетинен каза болгон Нарын облусунун тургундарынын сөөгү жерге берилди

 Авиакырсыктын кесепетинен каза болгон Нарын облусунун тургундарынын сөөгү жерге берилди

Бишкек, 18-январь /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 18-январында Боинг 747-400 учагынын кесепетинен Дача СУ айылында каза болгон Нарын облусунун тургундарынын сөөгү жерге берилди.

Нарын шаарынын тургуну Наргиза Кожоналиеванын сөөгүн жерге берүү зыйнатына Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпович катышты. Облус башчы Н.Кожоналиеванын үй-бүлө мүчөлөрүнө, жакындарына көңүл айтып, каза болгон үй-бүлөлөрдүн жакындарына жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан 100 миң сомдон, КР Жогорку Кеңешинин спикеринин атынан 80 миң сомдон, Өкмөттүн атынан 70 миң сомдон, Нарын облусунун элинин атынан 30 миң сомдон тапшырды.

Бүгүн Нарын облусунун Кочкор айылында Гүлжан Исакованын (1980), Руслан Шаршенбековдун (2011), Нарын шаарында Наргиза Кожоналиеванын (1988) сөөгү жерге берилди.

Каза болгондордун жакындарына жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан 100 миң сомдон, КР Жогорку Кеңешинин спикеринин атынан 80 миңдон сом, Өкмөттүн атынан 70 миң сомдон, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан 30 миң сомдон үй-бүлөлөрүнө берилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу