Аймак

Декабрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31
17/01 13:16
 

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары жабыр тарткандарга жардам колун созушту

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары жабыр тарткандарга жардам колун созушту

Бишкек, 17-январь /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары Чүй областындагы авиакырсыктан жабыр тарткандарга акчалай жана материалдык жардам көрсөтүү чарасын уюштурушуп, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына көңүл айтышты. Бул тууралуу шаардык кеңештин аппарат жетекчиси Бактыгүл Беркбаева билдиргенин Жалал-Абад шаардык мэриясы маалымдады.

Шаардык кеңештин төрагасы Эрнисбек Ормоков баш болгон шаардык депутаттар авиакырсыктан курман болгондорду бир мүнөттүк эскерүү менен жардам көрсөтүү иш-чарасын башташты. Э. Ормоков кыргызстандыктарды кайгыга салган мындай апаат убагында жалпы кыргызстандыктарга ынтымактык, сабырдуулук жана тынчтыкты кааалай турганын билдирди.

Шаардык кеңештеги депутаттык фракциялардын жетекчилери мындай мезгилде кайрымдуулукту көргөзүү менен жабыр тарткандарга жардам колун созуу зарылдыгын белгилешип, алгачкы акчалай жардамдарын беришти. Ошондой эле депутаттар арасынан үч кишиден турган комиссия түзүлүп, берилген жана бериле турган акчалай жана материалдык жардамдарды уюштуруу жана дарегине жеткирүү жагы тапшырылды.

Эскерте кетсек, шаарда болуп өткөн шайлоолордун жыйынтыгында Жалал-Абад шаардык кеңешине КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата-Журт”, “Кыргызстан”, “Республика – Ата-Журт” партиялары киришкен.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу