Аймак

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
16/01 09:39
 

Жалал-Абад облусунда көчкү коркунучу сакталууда

Бишкек, 16-январь /Кабар/. Сузак районунда 2017-жылдын 3-январында, Көк-Арт айыл аймагынын Жалгыз-Жангак айылынын түштүк тарабындагы жантаймада 50 метрдей жер көчкү жылып, 16 турак-жайга коркунуч жараткан. Жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 40млн. м3 түзөт, жер көчкү 1 турак-жайга 15 метр жана 16 турак-жайга 350 метр калган. Ал эми 2017-жылдын 10-январында жер көчкү 5-6 метр аралыкка, 12-январда 1-2 метр, 13-январда 3-4 метр аралыкка жылган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылдын 15-январына карата жер көчкү басып калуу коркунучунда турган 17 үй-бүлөөдөн 11 үй-бүлөө коопсуз жерге көчүрүлүп, калган 6 үйдүн жашоочулары түнкүсүн туугандарынын үйлөрүндө түнөп жатышат. Айыл аймагы тарабынан тургундарды коопсуз жайга көчүрүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Көчкү коркунучу бар аймак көзөмөлгө алынган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу