Аймак

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
14/01 14:36
 

Кара-Кече көмүр кесиминдеги көмүр ишканалары бир жумадан бери Нарынга көмүр ташып жаткан айдоочуларды кезексиз өткөрүүдө

Кара-Кече көмүр кесиминдеги көмүр ишканалары бир жумадан бери Нарынга көмүр ташып жаткан айдоочуларды кезексиз өткөрүүдө

Бишкек, 14-январь /Кабар/. Кечээ, 2017-жылдын 13-январында, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр участогунда болуп, көмүр ишканаларынын жетекчилери жана иштеп жаткан оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы Дүйшөк кызы Айнура билдирди.

Маалыматка ылайык, алгач «Шарбон» жабык акционердик коомунун тилкесинде жана «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын тилкесинде бүгүнкү күндөгү иши менен таанышып, көмүр ишканаларынын кызматкерлери менен пикир алышты.

«Шарбон» ЖЧКсынын коопсуздук кызматынын жетекчиси Урмат Шарипканов аталган көмүр ишканасы 7-январдан бери ишин улантып жатканын маалымдады. Жергиликтүү калкка көмүр ташып иштеген жеке ишкерлерден тышкары республиканын башка облустарынан дагы ишкерлер келип жатканын белгилеп, унаалар тартипти сактоо менен кезекке туруп көмүр жүктөп кетип жатканын билдирди.

«Кыргыз көмүр» ишканасынын Кара-Кече көмүр кесиминин начальниги Акылбек Тотонов ишкана 4-январдан баштап иштеп жатканын айтты. «Майда көмүрдү ТЭЦке ташып, ал эми калкты сапаттуу көмүр менен камсыз кылуу үчүн тазалоо иштерин жүргүзгөнбүз. 12-январдан баштап сапаттуу көмүрдү жеке ишкерлер калкка ташып жатат. Күнүнө биздин эле участоктон орточо эсеп менен 100-110 машина чыгарып жатабыз. Бүгүнкү күндө 20 миң тонна көмүр бар. Дагы 15 миң тонна көмүрдүн үстүн тазалоо иштерин жүргүзүлүүдө. Көмүр менен камсыздоо үзгүлтүккө учурабайт»,-деп маалымдады А.Тотонов.

Андан соң А.Кайыпов көмүр кесиминде көмүр ташып жаткан унаа айдоочулары менен жолугуп пикир алышты. Облус башчы январь айында аба температурасынын кескин төмөндөп кеткенинин негизинде калкка кошумча көмүр отуну керектелип жатканын маалымдап, Нарын облусуна көмүр ташып жаткан унааларды кезексиз өткөрүү боюнча көмүр ишканалары менен бир жума мурун макулдашылганын белгиледи. Бул кадамды башка аймактардан келген айдоочулар туура түшүнүү менен кабыл алып жатканы үчүн ыраазычылык билдирип, аны менен бирге тартипти сактоо зарыл экенин айтты.

Айдоочулар тартип сакталып жатканын жана эртең менен кирген машина кечке чейин кетип жатканын маалымдашты. Эң орчундуу маселе катары көмүр кесимге келе жаткан жолдордун кээ бир аралыктары тайгак болуп жатканын билдиришти. А.Кайыпов инерттик материалды өз учурунда жолдорго сээп, көзөмөлгө алуу боюнча №24 Жол тейлөө ишканасына тапшырма берди.

13-январь күнү Кара-Кече көмүр кесиминен Нарын облусунун аймактарына көмүр жүктөлгөн 40 оор жүк ташуучу унаа жөнөтүлгөн. Көмүр ташуу иштери уланууда.

1 из 4

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу