Аймак

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
13/01 16:46
 

Ысык-Көлдө малдын бруцеллезден коргонуу жөндөмдүүлүгү жогорку деңгээлде - изилдөө

Ысык-Көлдө малдын бруцеллезден коргонуу жөндөмдүүлүгү жогорку деңгээлде - изилдөө

Бишкек, 13-январь /Кабар/. Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институту тарабынан өткөн жылдын аягында жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, Ыссык-Көл облусундагы айыл чарба малдарынын бруцеллездон коргонуу жөндөмдүүлүгү жогорку деңгээлде.

Бул изилдөө “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1” долбоору тарабынан ишке ашырылып жаткан бруцеллезго каршы күрөшүү программасынын алкагында жүргүзүлгөн. Аталган институт долбоордун аткаруучу мекемелеринин бирине кирет.
Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институту Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынан кокусунан тандап алынган ыкма менен тандалып алынган РЕВ-1 вакцинасы менен эмделген 218 токтунун жана 100 уйдун кан сары суусун изилдеп чыкты.

Маалыматка ылайык, Роз Бенгал тест жана иммундук-ферменттик анализ методдорунун негизинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Тоң районундагы токтулардын организминин бруцеллезго каршы туруктуулугу канаттандыраарлык деп табылды жана коргонуу жөндөмдүүлүгү 90% түздү. Жети-Өгүз райондунда бул көрсөткүч 75% түзсө, Ак-Суу районунда – 85%, Түп районунда – 80% жана Ыссык-Көл районунда – 92%ды түздү.

Бодо малдын эпизоотологиялык абалын текшерүү учурунда Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында бир гана оорулуу уй табылган. Уй жалпы короодо башка малдар менен чогуу кармалгандыктан ылаңды башка малдарга жугузуу коркунучун жараткан. Ветеринардык-санитардык эрежелерге ылайык, бруцеллез ылаңы менен ооруган малды башка мал менен бир короодо кармоого тыюу салына тургандыгы жана мындай малды союу керектиги тууралуу маалымат мал ээлерине билдирилген.

Ошентип, токтулардын бруцеллез ылаңынан коргонуу жөндөмдүүлүгү орточо эсеп менен алганда Ысык-Көл облусу боюнча 76% түзөт, ал эми уйлардын арасындагы бул көрсөткүч жогору болуп эсептелет. “Ветеринардык кызмат негизинен жаныбарлардын зооноздук ооруларынын алдын алуу боюнча өзүнүн милдеттерин аткарып жатат. Натыйжада, бруцеллез боюнча белгиленген стабилдүүлүк сакталууда”, - деп айтылат Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтунун маалыматында..

Кошумчалай кетсек, ушул сыяктуу изилдөөлөр республиканын башка аймактарында да жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу