Аймак

Ноябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      
13/01 16:01
 

Жалал-Абадда жакынкы күндөрү 5 долбоор иштей баштайт

Бишкек, 13-январь/Кабар/. Жалал-Абад шаарынын турпатын таптакыр өзгөртүүчү беш долбоор планга киргизилип, КРнын финансы министрлигине жөнөтүлгөн. Аталган долбоорлор министрликтин кароосунан өтсө, ишин башташат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын жергиликтүү экономика бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Аида Алиева билдиргенин Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат кызматы маалымдады.

Анын айтымында, КРнын Өкмөтүнөн “Үлүштүк гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндөгү” жобону, долбооорлоду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” токтом чыккан. Ошол токтомду ишке ашыруу максатында шаардык мэриядан демилгелүү топ түзүлүп, шаар аймагынан беш долбоор даярдалып, КРнын финансы министрлигине кароого жөнөтүлгөң.

“Жогоруда айтылган беш долбоорго токтоло турган болсом, шаардагы Горький көчөсү аркылуу Пушкин жана Шопоков көчөлөрүнө тротуар курууга 2,9 миллион, №11 мектептин спорт залын курууга 3,8 миллион, №13 орто мектептин терезелерин алмаштырууга 2,8 миллион, “Жалалалабадсууканал” башкармалыгынын 800 жана 1000 миллиметрлик канализацияларын тазалоо жана аны хлорлоп, башкарып туруучу системага киргизүүгө 2,9 миллион, ошондой эле шаардын саркынды суу тазалоочу жабдуулар системасын реконструкциялоого 2,5 миллион сомдук долбоорлор жазылып, министрликке жөнөтүлдү. Алар карап чечим чыгаргандан кийин аталган беш долбоор боюнча иш жүргүзүлө баштайт”, -дейт ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу