Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
12/01 18:05
 

Премьер-министр Лейлек райондук ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна барды

Премьер-министр Лейлек райондук ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна барды

Бишкек, 12-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-январда Баткен облусу боюнча жумушчу сапарынын жүрүшүндө Лейлек райондук ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна барды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Борбордун жетекчиси Фархад Абдалиев маалымдагандай, бүгүнкү күндө мекемеде сегиз адам иштейт. Диагностикалык борбор мал-жандыктардын ар-кыл жугуштуу ооруларына карата бактериологиялык иликтөөлөрдү жүргүзөт. Анын айтымында, финансылык каражаттардын жетишсиздигинен улам көп убакыттан бери борбордун материалдык-техникалык базасы жаңыланган эмес.

Премьер-министр ветеринардык диагностика борборун кыдырып чыгып, анын имараты жана лабораториясы жаңыланууга муктаждыгын белгиледи. Белгилесек, учурда ЕАЭБ талаптарына ылайык инфраструктураны өркүндөтүү алкагында өлкө аймактарында лабораторияларды баскыч-баскычы менен куруу жана жаңыландыруу иши жүрүүдө.

Борбордун жетекчиси Фархад Абдалиев маалымдагандай, бүгүнкү күндө борбор мал-жандыктарын идентификациялоону баштоого толугу менен даяр, тийиштүү органдардын адистери окуудан өтүшкөн.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мал-чарба продукциясын экспорттоодо дүйнөлүк стандарттар талабына дал келтирүү үчүн мал-жандыктарын идентификациялоо процессинин маанилүүлүгүн белгиледи. Тийиштүү мамлекеттик органдарга жакынкы аралыкта мал-жандыктарын идентификациялоо ишин баштоо тапшырылды.

1 из 7

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу