Аймак

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
11/01 15:10
 

Ош облусунда авто май куюучу станция тонолду

Ош облусунда авто май куюучу станция тонолду

Ош, 11-январь /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы авто май куюучу станция 8инен 9-январга караган түнү тонолду, деп билдирди укук корго органдары.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, белгисиз адам авто май куюучу станцияга кирип келип, кызматкерди коркутуп, 12 миң сомду алып, андан соң “Матиз” маркасындагы ак түстөгү автомобилге түшүп жашырынып кеткен.
“Кылмышкердин өнөктөшү болушу мүмкүн. Эч ким жапа чеккен эмес”,-деп белгиледи укук коргоо органдарынан.

Ыкчам –иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош шаарынын кире беришине эки жерге – Кара-Суу районуну Нариман жана Фурхат айылдарынын жанына күзөттөр коюлду. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу