10.01.2017, 13:11

Ысык-Көлдүктөр батирлерди мейманкана катары саатка жана күнгө ченеп берүүгө тыюу салган мыйзамга аймактын өзгөчөлүгүн эске алуу менен өзгөртүү киргизүүнү сунушташууда

Ысык-Көлдүктөр батирлерди мейманкана катары саатка жана күнгө ченеп берүүгө тыюу салган мыйзамга аймактын өзгөчөлүгүн эске алуу менен өзгөртүү киргизүүнү сунушташууда

Бишкек, 10-январь /Кабар/. КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров көп кабаттуу үйлөрдө батирлерди мейманкана катары саатка жана күнгө ченеп берүүгө тыюу салуу тууралуу кабыл алынган мыйзамга нааразылык билдиришкен Каракол шаарынын тургундарын кабыл алды.

КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тургундар Ысык-Көл аймагынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылышты.

Өз кезегинде Д.Моңолдоров Караколдун тургундарына КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты аткаруучу орган гана болуп эсептелээрин, ал эми мыйзамдар КР парламенти тарабынан кабыл алынарын билдирди жана ошону менен бирге эле жашоочулардын сунуштары эске алынып, КР парламентинин аппаратына берилерин белгиледи.

Караколдун жашоочулары Д.Моңолдоровго КР Президентинин, КР ЖКнын жана КР Өкмөтүнүн атына жазылган кайрылууну калтырышты.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 16-ноябрында ЖК тарабынан көп кабаттуу үйлөрдө батирлерди мейманкана катары саатка жана күнгө ченеп берүүгө тыюу салуу тууралуу мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык тартипти бузган жарандарга 7 миң сомго, кызмат адамдарына 9 миң сомго, юридикалык жактарга 70 миң сомго чейин айыппул салуу каралган.