Аймак

Ноябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      
09/01 09:30
 

Ош шаарына үч жылдын ичинде 15,4 млрд сомдук капиталдык салым өздөштүрүлгөн

Ош шаарына үч жылдын ичинде 15,4 млрд сомдук капиталдык салым өздөштүрүлгөн

Бишкек, 9-январь /Кабар/. Бул туурасында 7-январда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаадагы бир катар курулуштардын жүрүшүнөн кабар алып жатып билдирди. Аны менен катар быйылкы жылдагы пландар, өнүктүрүү программасына токтолду.

Иш-чаранын жүрүшүндө калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайдын реконструкцияланышы, Сай-Бою жана Тилеккке баатыр көчөсүн бириктирген көпүрөнү курулушу, Ак-Буура дарыясына салынуучу подиум, футболдук академиянын курулушу жана Ак-Тилек кичи районуна курулуп жаткан оорукананы көрүп кайтты.

Шаар башчысы үч жылдын ичинде 15,4 млрд. сомдук капиталдык салым өздөштүрүлгөндүгүн айтып, социалдык курулуштар колго алынгандыгын билдирди.

“Республикалык жана жергиликтүү бюджеттен, коомдук уюмдардан, ЕӨРБ жана Азия өнүктүрүү банкынан, чет элдик өнөктөштөрдүн келген инвестицияларды алганда үч жылдын ичинде Ош шаарында жалпысынан 15,4 млрд. сомдук капиталдык салым өздөштүрүлгөн. Акыркы үч жылда 2 мектеп шаардыктарга тапшырылса, 5 мектептин курулушу азыркы учурда жүрүп жатат. Мындан тышкары 6 бала бакча колдонууга берилсе, бүгүнкү күндө 2 бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Мындан тышкары жолдорду оңдоо иштери, жаңы эки көпүрөнүн курулушу, жашылдандыруу, тазалык багытындагы ири долбоорлордун ишке ашып жаткандыгы кубандырат”,-деди А.Кадырбаев.

Ал эми ири долбоорлорду ишке ашырып, шаардыктардын ыңгайлуу жашоосу үчүн кызмат кылуу Ош шаарынын мэриясынын эң негизги максаты экендигин билдирди А.Кадырбаев.

“Быйыл эс алуу жайларды реконструкциялайбыз. Т.Сатылганов, Раззаков атындагы паркатардын долбоорлору ишке ашканы турат. Ал эми үчүнчү көпүрө менен катар, веложуруучу жол, подиум курулат. Ошондой эле үсүбүздөгү жылдын март айында футбол академиясын шаардыктарга тапшырабыз деп турабыз”,-деди А.Кадырбаев.

Иш-чаранын алкагында Ак-Тилек кичи районунда курулуп баштаган 150 орундуу оорукананын курулушу менен да таанышып келди. Белгилей кетсек, Ош комплекстик оорукана КЭРнын өкмөтү тарабынан кайтарымсыз гранттын эсебинен курулууда. Жалпы аянты 25 миң чарчы, сейсмикалык туруктуулугу 1-даража болуп, 9 баллга жеткен жерсилкинүүгө туруштук берет. Негизинен имаратка амбулаториялык, стационардык, илимий-изилдөө кеңсеси жана көмөкчү бөлмө кирет. Оорукана 150 бейтапка ылайыкташтырылып, күнүнө 200 бейтапты кабыл алууга мүмкүнчүлүк болот. Заманбап оорукана 3 корпустан туруп, галерея аркылуу бириктирилет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу