Аймак

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
06/01 14:39
 

Жалал-Абад шаарында өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук азайды

Жалал-Абад шаарында өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук азайды

Бишкек, 6-январь /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 2016-жылы өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук былтыркы жылга салыштырмалуу кыйла азайды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жетпеген өспүрүмдөр инспекциясынын башчысы Камчыбек Шаболотов билдиргенин шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлады.

Анын айтымында, өспүрүмдөр арасында жүргүзүлгөн комплекстүү алдын алуу чаралары өзүнүн натыйжасын берип, өткөн жылы кылмыштуулук саны мурдагы жылга салыштырмалуу кыйла азайып кеткен.

“2015-жылы өспүрүмдөр арасындагы катталган кылмыштуулуктун саны 26 болсо, алардын 10у уурулук фактысы болуп саналат. Ал эми 2016-жылы жашы жете электердин арасындагы түрдүү кылмыш менен 16 өспүрүм кармалган. Жыйынтыгында мурдагы жылга салыштырмалуу жаштар арасындагы катталган кылмыштардын саны онго азайган. Ошондой эле, шаардык мэрия, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмү, шаардык билим берүү бөлүмү менен биргеликте “Каникул”, “Түнкү өспүрүм”, “Балдарды эмгекке үйрөтүүгө - ооба, пайдаланууга –жок” атту ар кандай рейддер өткөрүлдү”, - дейт ал.

Азыркы учурда окуучулардын каникул убагында кылмыш жолуна түшүп калбасы үчүн иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу