Сузактагы 1990-1994-жылдары жүргөн жер көчкү дагы активдешип, учурда 16 үйгө кооптуулук жаратууда

Бишкек, 6-январь /Кабар/. Алдын ала алынган маалымат боюнча Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт айыл аймагынын Жалгыз-Жанак айылынын түштүк тарабындагы жантаймада 2017-жылдын 3-январында 50 метрдей жер көчкү жылып, 16 турак-жайга кооптуулукту жараткан. Жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 40млн м3 түзөт. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди..
Аталган жер көчкү 1990-1994-жылдары да жүрүп, натыйжада 6 турак-үй жабыркап, 16 турак-жайга кооптуулукту жараткан. Турак үй ээлерине жергиликтүү бийлик тарабынан коопсуз жерлерден турак-жай куруу үчүн жер тилкелери жана мамлекеттик жеңилдетилген ссудалар берилген. Бирок, азыркы учурда жашоочулар жашап жатышат.
2017-жылдын 5-январында КР ӨКМнин адистери тарабынан жергиликтүү мамлекеттик администрацияна жана айыл аймак башчысына 16 үй-бүлөнү коопсуз жерлерге көчүрүп чыгаруу боюнча жеринде эскертме берилди. Жергиликтүү бийлик тарабынан аталган участок байкоого алынып, күзөт уюштурулду жана коопсуз жерде жашаган үй-бүлөлөрдү көчүрүп чыгуу боюнча иш-чаралар уюштурулуп жатат.