Аймак

Ноябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      
05/01 15:26
 

Жалал-Абадда жугуштуу ооруларга чалдыккандардын саны азайды

Жалал-Абадда жугуштуу ооруларга чалдыккандардын саны азайды

Бишкек, 5-январь /Кабар/. Жалал-Абадда өткөн 2016-жылы жугуштуу оорулар менен ооруган жарандардын саны азайган. Бул тууралуу Жалал-Абад областтык үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Хадича Пратова билдиргенин Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат кызматы маалымдады.

Анын айтымында, калктын жугуштуу ооруларга чалдыгып калуусунун алдын алуу чаралары жүргүзүлүп, шаарда түшүндүрмө кагаздары жарандарга таркатылып келди. Анын натыйжасында ар кайсы жугуштуу ооруларга чалдыккандардын саны кыйла азайды.

“Бруцеллёз оорусуна чалдыгып калуу учуру 2016-жылы 12 болду, 2015-жылга салыштырмалуу эки эсеге азайган. Ал эми эхинококкоз оорусуна чалдыгып калуу фактысы 2015-жылы 7 болсо, 2016-жылы 3 эле жаран бул илдетке чалдыккан. Ошону менен катар энтерит оорусу 39га, ал эми диарея жугуштуу оорусу эки эсеге азайган. Ал эми кубанычтуу нерсе катары өткөн 2016-жылы кызамык оорусу менен ооруган жарандар болбогондугун айта алабыз”, - дейт ал.

Облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун берген маалыматына караганда, 2016-жылы Жалал-Абад шаарында энелер өлүмү да катталган эмес.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу