Аймак

Ноябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      
30/12 14:46
 

Токтогул районунда мыйзамсыз балык саткан жарандар жана балык кармоочу торлор табылды

 Токтогул районунда мыйзамсыз балык саткан жарандар жана балык кармоочу торлор табылды

Бишкек, 30-декабрь /Кабар/. Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан Токтогул районунда мыйзамсыз балык саткан жарандар жана балык кармоочу торлор табылды. Бул тууралуу 27-28-декабрда жүргүзүлгөн оперативдик рейддин жүрүшүндө белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, текшерүү иштери Токтогул базарында, Токтогул суу сактагычынын жээгинде, Торкен айылында жүргүзүлүп, мыйзамсыз балык саткан Торкен айылынын тургундары Жаныбек уулу Нурбек, Гулзат Азаматова жана Зубайда аттуу жарандар кармалды. Алардын жанында 3 даана толстолобик, 25 даана карась, 10 даана маринка балыктары табылды. Жеринде акты, протоколдор толтурулуп, учурда чыгашаны эсептеп, өндүрүү боюнча иштер жүрүүдө.

Ошондой эле, рейд учурунда Токтогул суу сактагычында балык кармоочу 850 м торлор табылып,инспекторлор тарабынан жеринде жок кылынды. Учурда Мамэкотехиснпекциянын адистери тарабынан өзгөчө коргоого алынган балыктарды сактоо боюнча, браконьерлердин аягын тьюу максатында күчөтүлгөн тартипте иштер жүрүп жатат.

1 из 3

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу