Аймак

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
30/12 12:40
 

Нарында Жаңы жылды майрамдоого карата коопсуздук чаралары күчөтүлөт

 Нарында Жаңы жылды майрамдоого карата коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Бишкек, 30-декабрь /Кабар/. Бүгүн, 2016-жылдын 30-декабрында Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов облустук мекеме жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Дүйшөк кызы Айнура билдирди.

Жыйында Жаңы жылды майрамдоого карата коопсуздук чараларын күчөтүү жана 30-декабрдан 11-январга чейинки мектеп окуучуларынын кышкы каникулдары убагында балдардын эс алуусун уюштуруу маселеси каралды.

Анда облустун бардык күч түзүмдөрү майрам учурунда коомдук тартипти сактоодо, өрт коопсуздугун кароодо күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу, ошондой эле саламаттыкты сактоо мекемелеринин нөөмөттөрүн коюу боюнча тапшырмалар берилди.

Ал эми мектеп окуучуларынын кышкы каникулдарын пайдалуу өткөрүү жана эс алуусун уюштуруу боюнча өз алдынча башкаруу органдарына, билим берүү жана маданият тармагынын жетекчилерине милдеттендирилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу