29.12.2016, 18:01

Ош - Сарыташ-Эркештам унаа жолунда кар көчкүну тазалоо иштери жүрүп жатат

Бишкек, 29-декабрь /Кабар/. 2016-жылдын 29-декабрында саат 16:00 чамасында Ош облусунун Алай районунда Ош - Сарыташ-Эркештам унаа жолунун 172-чакырымында (Кыргызстан ашуусу) кар көчкү түшүп, унаа жол убактылуу жабылган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Жолду тазалоого 960-жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер жана 1 кар тазалоочу унаа тартылды. Кар көчкүнүн көлөмү такталууда.