Аймак

Ноябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      
29/12 15:01
 

Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн алды жарыктандырыла баштады

Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн алды жарыктандырыла баштады

Бишкек, 29-декабрь /Кабар/. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кечээ, 28-декабрь күнү Кулатов кичи районундагы № 23, 24, 25 көп кабаттуу үйлөрдүн алдына жаңыдан коюлуп баштаган жарыктандыруу системасы менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаар башчысы Айтмсамат Кадырбаевдин айтымында 2017-жылы көп кабаттуу үйлөрдүн алды түнкү жарыктандыруу менен камсыз боло тургандыгын билдирди.

“Ош шаарынеда жалпысынан 640 көп кабаттуу үйлөр бар. Кийинки жылы баардык көп кабаттуу үйлөрдүн алдын жарык менен камсыз кылууну пландап жатабыз. Үйлөрдүн алдын электр энергиясын үнөмдөгөн атайын жол чырактарды орнотобуз”, – деди А.Кадырбаев.

Иш-чаранын алкагында Кулатов кийи районунун жашоочулары шаар мэри менен жолугуп, көп кабаттуу үйлөрдүн алды жакыртандырылып жаткандыгына ыраазычылык билдиришти.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу