29.12.2016, 10:47

Кара-Кулжа районундагы Терек-Чаты ички чарбалык унаа жолуна кар көчкү түштү

Бишкек, 29-декабрь /Кабар/. 2016-жылдын 28-декабрь күнү саат 16:30 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар айыл аймагында Кызыл-Жар айылынан Терек айылына баруучу Терек-Чаты ички чарбалык унаа жолунун 3 жерине болжол менен 4800м³ кар көчкү түшүп, жол жабылып калган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда жолду тазалоо үчүн техника каралууда.
Кошумча маалымат берилет.