Аймак

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
26/12 17:27
 

Жалал-Абадда бажы кызматынын чейрек кылымдык мааракеси белгиленди

Бишкек, 26-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик Бажы кызматынын 25 жылдык маарАкеси Токтосун Тыныбеков атындагы филармонияда белгиленди. Салтанатка Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Айзат Раматиллаева катышып, куттуктоолорун айтты. Бул тууралу жеринде шаардык мэриянын юристи Чыңгыз Эшенкулов билдиргенин Жалал-Абаддык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө бажы кызматкерлери өлкөнүнсоциалдык-экономикалык өсүшүндө чоң салымын кошуп, мамлекеттер аралык өз ара алакалардын бекемделишине кызмат кылып келе жатышат.

“Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүдө бажы тармагынын салымы чоң. Сиздердин жумушуңуздар ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү иш, мына ошондуктан ар дайым жумушуңуздарда ийгиликтерди каалайбыз. Мындан арыда бул тармакта жакшы жетишкендиктерди багынтарыңыздарга ишенебиз”, - деди А. Раматиллаева.

Иш-чаранын жүрүшүндө бажы кызматынын алдыңкыларына акчалай жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу