Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
23/12 17:58
 

Ош шаарынын мэриясы жаңы жылдык балатыга карата бир катар майрамдык иш-чараларды өткөрөт

Ош шаарынын мэриясы жаңы жылдык балатыга карата бир катар майрамдык иш-чараларды өткөрөт

Бишкек, 23-декабрь /Кабар/. Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаардыктарга майрамдык иш чараларды өткөрүү боюнча кызуу даярдык жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.

Жаңы жылдык майрам 27-декабрь күнү “ Келечек” чыгармачылык балдар борборундагы мэрдин балатысынан башталат. Анда алдынкы окуучулар сыйланып, наристелер үчүн таттуулар таратылып, аяз ата жана аяз кыздын катышуусундагы “Алтын балаты” аттуу жаңы жылдык оюн-зоок, концерттик программа менен коштолот.

Ошондой эле, 27-декабрь шаардагы жалпы жаштар үчүн Ош шаарынын мэринин балатысы уюштурулат.

31-декабрь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында шаардыктар жана коноктор үчүн бир катар майрамдык иш чаралар тартууланат.

Борбордук аянтта саат 14:00дон тарта шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан даярдалган жаңы жылдык бал-маскарат менен башталат. Анда “мыкты” деп тандалып алынган мектептердин окуучулары, 20 жуп аяз ата жана аяз кыз майрамдык шоу тартуулайт. Андан соң, Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулган аркан тартыш, кол күрөш, гир көтөрүү, кап менен секирүү сыяктуу эстафеталар өтөт. Мындан тышкары жомоктордон кыскача үзүндү, тамашоучулардын тамашалары, аяз ата, аяз кыздардын парады, оюн-зоок программалар уюштурулат.

Ошондой эле, кечкисин борбордук аянттагы жаңы жылдык балаты Ош шаардык маданият башкармалыгы жана жаштар комитети тарабынан даярдалган чоң программадагы концерт менен коштолот.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу