Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
21/12 10:18
 

Ысык-Көлдө балык уулоо учурунда 2 адам чөгүп кетти

Бишкек, 21-декабрь /Кабар/. 2016-жылдын 21-декабрында Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан “Тихая” деген жерде балыкчылардын кайыгы оодарылып кеткен. Бул тууалуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Такталган маалыматка ылайык, кырсыктаган кайыктын ичинде 1989-жылы туулган Т.Ш. жана 1990-жылы туулган Э.Э. болгон.

КР ӨКМнин 15-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучуларынын издөө ишинин натыйжасында, көлдүн жээгинен 5-6 метр аралыкта саат 04:25те 1989-жылы туулган Т.Ш жарандын жансыз денеси табылган.

Ал эми чөккөн кайыктын чиндеги экинчи адам 1990-жылы туулган Э.Э. издөө иштерин натыйжасында саат 08:50дө сөөгү табылган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу