Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
20/12 18:38
 

Ош облусунун ажы башчылары Республика боюнча «Жылдын мыкты ажы башчылары» деп табылды

Бишкек, 20-декабрь /Кабар/. Бул боюнча 19-декабрда Бишкекте өткөн Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын түндүк аймактык казыяттардын жыл жыйынтыгын чыгаруу аземинде Республикалык Ажылыкты уюштуруу штабы тарабынан айтылганын Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Тактап айтканда 2016-жылдагы ажылык сапарды уюштуруунун жыйынтыгын баалоонун негизинде “Ажылык-2016” компаниясын уюштурууда ажыларга өзгөчө кызмат көрсөткөндүгү үчүн Ош облусунун атынан барган беш ажы башчы мыкты деп табылды. Мыкты деп табылган ажы башчылар Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, Араван районунун башкы имам-хатиби Умарали ажы Муратов, дин кызматкерлери Узеналиев Сулумбек, Ташматов Султан жана Курманбаев Уланбектер Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максат ажы Токтомушевдин ардак грамотасы менен сыйланышты. Мыкты ажы башчыларды аныктоодо ажы башчылардын кызмат көрсөтүү жоопкерчиликтүүлүгү, зыяратчылардын сапар учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери менен ажылык ибаадаттарын жеткиликтүү аткаруусу үчүн өз алдынча интерактивдүү усулдагы сабактарды уюштуруусу жана штабдын берген тапшырмасын так аткаргандыгы эске алынган.

Эскерте кетсек, быйыл 2016-жылкы ажылык сапарга Кыргызстанга 3685 квота берилип, 70тен ашуун ажы башчынын ар бири 49дан жаранды жетектеп алып барып келген болчу.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу