Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
16/12 10:30
 

Жалал-Абад шаарына жаңы жылдык жаңы авиакаттам жүргүзүлөт

Бишкек, 16-декабрь /Кабар/. Эми Жаңы жыл алдында, тагыраак айтканда 25-декабрдан баштап Бишкек – Жалал-Абад багыты боюнча дагы бир жаңы авиакаттам жүргүзүлө баштайт. Бул Жалал-Абад аймагында жашаган калк үчүн Жаңы жылдык жакшы белек болуп калмакчы. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын бөлүм башчысы Миргүл Эгемова билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Бишкек – Жалал-Абад – Бишкек багыты боюнча ар шаршемби күнү “Авиа Траффик” компаниясы аркылуу авиакаттам жүргүзүлүп келген эле. Бирок, бул жергиликтүү калктын аба каттамдарына болгон муктаждыктарын толук канааттандыра алган жок.

“Жалал-Абад аэропорту калктын муктаждыктарын эске алуу менен TezJet компаниясы аркылуу ар жекшемби күнү Бишкек – Жалал-Абад - Бишкек багыты боюнча кошумча жаңы авиакаттамды уюштурууну демилгеледи жана ал 25-декабрдан баштап жүргүзүлө баштайт. Бул биздин аймактын калкы үчүн Жаңы жылдык белек болуп калмакчы”, - дейт ал.

Алынган маалыматка караганда, эми ар жекшемби күнү күндүзгү саат 12.55те Бишкектен самолёт келип конот жана жүргүнчүлөрдү алып, кайра Бишкекке сапар алат. Ал эми билеттин баасы 2200 сом деп белгиленди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу