Аймак

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
12/12 11:20
 

Ак-Талаада мал издеп чыккан 2 бала суукка тоңуп, каза болгон

Бишкек, 12-декабрь /Кабар/. Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 2016-жылдын 8-декабрь күнү Терек айыл аймагындагы Баетов айылынан Орто–Сырт жайлоосуна кетүүчү “МЭЛС” ашуусунун “Күйгөн-Өтөк” участкасында бир белгисиз адамдын өлүгү жатат деген маалымат райондук ички иштер бөлүмүнө түшкөн. Ички иштер кызматкерлери барып, каза болгон адамды алып келишкен. Анын өздүгү такталып, Баетов айлынын тургуну 1994-жылы туулган К. уулу А. экендиги аныкталган. 

Маалыматка ылайык, ашуунун бери жагындагы малчылардын айтуусу боюнча, алар 7-декабрь күнү 2 адам Орто-Сырт жайлоосун көздөй жөө ашып, бара жаткандыгын көрүшкөн.

К. уулу А. менен бирге Ак-Талаа районунун Угут айыл аймагынын Байгончок айлынын тургуну 1993-жылы туулган Б. Э. мал издөөгө чыккан жана 8-декабрь түнкү саат 02:00дө телефон аркылуу байкесине үшүп, тоңуп бара жаткандыгын билдирген.

Бирок, Б. Э. тирүү же каза болгондугу белгисиз болгондуктан, 9-декабрь күнү туугандарынан 2 адам ат менен издеп барышып, табалбай кайра келишкен.

Жогорудагы кырдаал боюнча 9-декабрь күнү саат 17:30да Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясында райондук Жарандык коргоо комиссиясынын отуруму өткөрүлгөн.

Ошол жактагы малчылардын айтуусу боюнча, 8-декабрдан тартып ал жакта кар жаап жаткандыгына байланыштуу унаа барууга мүмкүн эмес болгон.

2016-жылдын 10-декабрь күнү КРнын ӨКМнин райондук бөлүмүнөн 1 адам, райондук Ички иштер бөлүмүнөн 2 адам, туугандарынан түзүлгөн 2 ыктыярдуу топ, жалпысы 12 адам ат менен Угут айыл аймагынын Байгончок айлынын тургуну 1993-ж.т. Б.Э. издөө иштерин жүргүзүшкөн.“МЭЛС” ашуусунун “Күйгөн-Өтөк” тилкесинде издөө иштери жүрүп, жыйынтык болгон эмес. Ыктыярдуу топтор “МЭЛС” ашуусунун “Күйгөн-Өтөк” тилкесинен 10 чакырым алыстыкта жайгашкан Ак-Бейит аймагындагы кыштоодогу сарайга түнөшкөн.

2016-жылдын 11-декабрда 1993-ж.т. Б.Э. издөө иштери улантылып, саат 11:10 чамасында Орто-Сырт жайлоосуна кетүүчү “МЭЛС” ашуусунун “Күйгөн-Өтөк” участкасында туугандары тарабынан 1993-ж.т. Б.Э. жансыз денеси табылып, Ак-Талаа РИИБнин кызматкерлери тарабынан райондук ооруукананын өлүк канасына (морг) тапшырылган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу