Аймак

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
11/12 13:23
 

Айтмамат Кадырбаев Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча референдумда өз добушун берди

Айтмамат Кадырбаев Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча референдумда өз добушун берди

Бишкек, 11-декабрь /Кабар/. Бүгүн, 11-декабрь күнү Ош шаарында Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча референдум өтүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Ош шаарындагы ар бир шайлоо участоктору саат 08:00дө ачылып шаардыктардын добуш берүүсү кызуу жүрүүдө. Алардын катарында калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев шаардагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин имаратында жайгашкан №5327-шайлоо участогунда саат 10:10минута өткөндө Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча референдумга катышты. Добуш берген жарандардын катарында шаар мэри А.Кадырбаев өз добушун 87- болуп берди.

-“Бүгүн, кыргызстандыктар үчүн өзгөчө тарыхый күн. Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү,учурдун талабы деп эсептейм. Бүгүнкү күндө Ош шаарындагы бардык 73 шайлоо участкаларында шайлоо кызуу жүрүп, шаардыктарыбыз шайлоо башталгандан тартып өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Шайлоо таза ачык өтүүсү үчүн бүгүнкү күндө мэрия тарабынан бардык күч аракеттер жумшалууда”,-деди А.Кадырбаев.

Шайлоо учурунда коомдук тартипти милиция кызматкерлери менен элдик кошуундун мүчөлөрү жана ар бир шайлоо участокторунда атайын медицина кызматкерлери көзөмөлдөөдө.

Эскерте кетсек, Ош шаары боюнча добуш берүүчү жарандардын саны 132 694, жалпы 73 шайлоо участогу бар.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу