Аймак

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
11/12 10:34
 

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев алгачкылардан болуп шайлоого катышып, добуш берди

Бишкек, 11-декабрь /Кабар/. Бүгүн эртең менен саат 8.00. дө Талас шаарындагы № 6108 шайлоо участкасында шайлоолор Кыргыз Республикасынын Гимнин аткаруу менен салтанаттуу башталды. Бул участкага алдынкылардан болуп Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев келип, шайлоочуларды эгемендүү эркин өлкөбүздө таза шайлоону көздөп, жаңы тартип менен өтүп жаткан бул жакшынакай иш-чаранын башталышы менен куттуктады.

Ал бүгүн Талас облусундагы бардык 116 шайлоо участкасында Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча референдум жана 110 шайлоо участокторунда жергиликтүү кенештин депутаттарын шайлоо уюшкандыкта башталгандыгын айтып, шайлоочуларды терең ынтымак менен таза, адилетүү шайлоону өткөрүүгө чакырып, алгачкылардан болуп шайлоого катышып, өз добушун берди. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.


 

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу