Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
29/11 18:53
 

Оштун жарандары онлайн картага уюлдук байланыш аркылуу да кайрылат

 Оштун жарандары онлайн картага уюлдук байланыш аркылуу да кайрылат

Бишкек, 29ноябрь /Кабар/. Бул долбоорду ишке ашыруу максатында бүгүн, 29-ноябрь Ош шаарынын мэриясы “Youth of Osh” коомдук бирикмеси менен биргеликте “Ош шаарынын калкынын кайрылууларынын онлайн картасын” (http://map.oshcity.kg/) экинчи планын ишке ашыруу боюнча эки тараптуу келишимге кол коюшту. Экинчи план коомчулуктун көйгөйүн жергиликтүү бийликке ыкчам жеткирүү максатында уюлдук телефондор аркылуу ишке ашырылат. Эки тараптуу сүйлөшүүгө Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, “Youth of Osh” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Сарвар Салимов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, бөлүм башчылар катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

Биринчи вице-мэр З.Аскаров калаа башчысынын атынан коомдук бирикмеге ыраазычылык билдирип, онлайн карта жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө чоң жардам берип жаткандыгына токтолду.

“Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртууда “Youth of Osh” коомдук бирикмесинин да жардамы чоң. Ошондой эле, кийинки жылы долбоорлорду ишке ашырууда көмөк көрсөтөсүздөр деп ишенем. Учурдун талабы болгон интернет аркылуу башкача айтканда шаардын картасы камтылган сайт аркылуу жарандардын онлайн кайрылууларын кабыл алууну баштаган элек. Ал жарандардын көйгөлүү маселерин ыкчам чечүүгө жардам берди. Ал эми уюлдук телефон аркылуу (http://map.oshcity.kg/) онлайн картага кайрылысуу мэрияга, шаардагы муниципалдык ишканалардын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча шаардыктардын муктаждыктарын же шаардагы башка көйгөйлүү маселелерди чечүүнү дагы да болсо жеңилдетет. Кийинки жылдан тартып бул багыт да колдоого алынат”,- деди З.Аскаров.

Жыйындын жүрүшүндө “Youth of Osh” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Сарвар Салимов сөз сүлөп, Ош шаарынын мэриясы тарабынан онлайн картаны ишке ашырууда чоң колдоолор болгондугун билдирди.

“Биз Ош шаардык мэриясы менен иштешүүгө кызыктарбыз. Сиздер аркылуу республикалык деңгээлде ишке аша турган долбоорлор бар. Алардын бири дал ушул жарандардын онлайн картага уюлдук байланыш аркылуу кайрылуусу болмокчу. Биргеликте ишке ашырып, өлкөнүн башка шаарларына да жайылтабыз деген ишеничтемин”,- деди С.Салимов.

Белгилей кетсек, “Ош шаарынын калкынын кайрылууларынын онлайн картасын” (http://map.oshcity.kg/) үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тарта иштеп келе жатат. Карат - Оштун жергиликтүү бийлик органдарынын ачык-айкындуулугун илгерилетүүгө жана алардын тургундар менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга багытталган. Негизги көңүл тазалык, көрктөндүрүү муниципалдык кызматынын жана коомдук транспорттун кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын арттырууга бурулууда. Ошондой эле, онлайн картаны колдонуу боюнча атайын жыйындар уюштуруу, коомчулукка кеңири жайылтуу, китепчелерди чыгаруу боюнча иштер жүрүүдө.

Бул долбоор Биргелешип башкаруу программасынын (ББП) колдоосунда ишке ашырылууда, ал Кыргыз Республикасында өкмөттүн, жарандык коомдун жана менчик сектордун өнөктөштүгүн чыңдоого багытталган. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлиги (DFID) тарабынан каржыланган жана Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу