Аймак

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
25/11 18:10
 

Н.Кадыров: Ош шаарынын мэриясы тарабынан 2016-жылы шаардык саламаттык сактоо тармактарына 57 млн сомдон ашуун каражат бөлүнүп берилген

Бишкек, 25-ноябрь /Кабар/. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрь күнү Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйынында билдиргенин Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Коллегиялык жыйынга шаар мэри Айтмамат Кадырбаев,вице-мэрлер, бардык мекеме ишканалардын жетекчилери катышты. Жыйындын күн тартибинде төмөндөгү үч маселе каралды.
1.Ош шаарынын мэриясынын курамы жөнүндө,
2.Саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишмердиги жөнүндө,
3. “Жапалак”айылдык аймактык башкармалыгында күзгү оруп-жыюу жумуштарынын аткарылышы жөнүндө.

Жыйындын жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишмердиги жөнүндө, вице-мэр Нурбек Кадыров маалымат берип, айрым статистикалык көрсөткүчтөргө токтолду.

-“Ош шаарынын калкына бүгүнкү күндө саламаттык сактоо тармагынын 23 медициналык мекемелер жардамын көрсөтүп келет.
2016-жылдын 9 айына карата Ош шаары боюнча медициналык мекемелерде эмгектенип жаткан дарыгерлердин жалпы саны–786, орто медайымдардын саны-1481, кенже медициналык кызматкерлердин саны - 958.
Республикалык бюджеттин эсебинен 2016-жылдын 9 айы үчүн такталган бюджети 230 миңден ашуун болсо, 100%га каржыланган. 2015-жылга салыштырмалуу 7061 миң сомго көп каржыланган.

Балдардын төрөлүшү жана өлүмү боюнча статистикалык маалыматтар такталган бул багытта 100 миң тирүү төрөлгөндөрдүн санына алганда эне өлүмүнүн көрсөткүчү былтыркы жылга салыштырмалуу азайып, 16,6 ны түзгөн. (2015-ж. -28,7).
2016-жылдын 9 айында эпидемиологиялык абал шаарда туруктуу болуп, жугуштуу жана мите-курт ооруларынын 33 нозологиялык түрүнөн 10 түрү катталган эмес. 2015-жылга салыштырмалуу жугуштуу оорулардын 13 нозологиялык түрү азайган.

Ош аймактык Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду тарабынан кечиктирилгис жардам көрсөтүүдө тез жардам медициналык бекетинин тизмедеги дары-дармектер менен толук кандуу камсыз болгондугуна байланыштуу мурунку жылдарга салыштырмалуу дары -дармектер менен камсыз болуусу жакшыртылгандыгы, дарыгердин көзөмөлүнө муктаж бейтаптар жөнүндө сигналдык маалыматтар үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна өз убагында берилип жаткандыгы аныкталган.

Бирок, Ош шаарынын мэриясы тарабынан иликтөөдө тез жардам бекетине салыштырмалуу 2016-жылдын 9 айында 579 учурга көп чакыруу катталгандыгы байкалган. Жогорудагы маалыматка ылайык көрсөтүлгөн оорулар боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана анын филиалдарында калкка түшүндүрүү иш-аракеттери жеткиликтүү жүргүзүлбөгөндүгү белгиленди.

Ош шаарынын клиникалык ооруканасынын жана анын филиалдары тарабынан Ош Аймактык башкармалыгынын милдеттүү медициналык фонду менен түзгөн келишиминде 24750 бейтаптын дарылануусу пландаштырылган болсо, 2016-жылдын 9 айына 115,4 пайызга аткарылгандыгы белгиленди б.а. 2015-жылдын 9 айына салыштырмалуу 2016-жылдын 9 айында түшкөн оорулардын саны 28086 дан 29936 га ал эми, дарыланып чыккандардын саны 28528 ден 30143 кө көбөйүп, орун күнүнүн аткарылышы 96,4 пайыздан 100,8 пайызга көбөйгөндүгү негизсиз жаткырылган оорулуулардын санынын көбөйгөндүгүнөн белги берет.

2015-2016-жылдарга Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаардык саламаттык сактоо тармактарына 57,0 млн. сом акча каражаты бөлүнүп берилген анын ичинен:

- Ош шаарынын медицина тармагында эмгектенген санитарка жана медайымдардын коммуналдык төлөмдөрүнө 2016-жылга 6,8 млн. сом акча бөлүнүп берилди;

-Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жалпы бөлөмдөрүнүн оңдоп-түзөөгө 20,0 млн. сом кошумча каржыланды;

-Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт стационарына 5,0 млн. сомдук медициналык жабдуулар алынды;

-2016-жылы Ош шаарынын Чкалов көчөсү-24 даректе жайгашкан сатылып кеткен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун №4-филиалынын имараты Ош шаарынын мэриясы тарабынан 8,9 млн сомго кайрадан сатылып алынып кайтарылды;

-Фуркат кичи районунда «Жибек Жолу», Туран кичи районунун «Дача» аймагында ФАПтары ачылып, жалпы баасы 10 млн. сомду түздү;

-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун электр энергиясы менен иштеген жылуулук системаларынын элеваторлору алмашылып,жалпысынан 3 млн сом каражат сарпталды;

-Ош шаарынын мэриясы тарабынан медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамын өткөрүү үчүн 140,0 сом акча каражаты бөлүндү;
Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен Кытай Эл республикасы тарабынан 1 санитардык автоунаасы алынып берилди.

- Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен Амир- Темур кичи районунда баасы 10 млн. сомду түзгөн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун №11 филиалынын имараты бүткөрүлдү жана бул филиалга жалпы баасы 30 000 (отуз миң) АКШ доллары турган медициналык жабдуулар алынды;

-Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районуна 150 койкалуу жаңы типтеги баасы 42 млн. юань болгон оорукананын курулушу Кытай Эл Республикасы тарабынан каржыланып «China Nerin Engineering Co.,Ltd» компаниясынын адистери тарабынан оорукана курулуучу жер изилденип, курулуш иши башталды.

-ОШКОнын төрөт стационарына баасы 137,5 миң $ “Реанимобиль” автоунаасы ташырылды;

- ОШКОнын балдардын жугуштуу стационарына 1,0 млн сомдук ИВЛ аппараты алынып берилди;

-ОШКОга баасы 5,0 млн сомду түзгөн 6 даана генератор алынып берилди”,-деди Н.Кадыров.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу