Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
25/11 15:41
 

Транспорт министринин орун басары Нарын шаарынын жолдорунун абалы менен таанышты

Транспорт министринин орун басары Нарын шаарынын жолдорунун абалы менен таанышты

Бишкек, 25-ноябрь /Кабар/. Бүгүн, 2016-жылдын 25-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министринин орун басары Эркин Осоев менен Нарын шаарынын жолдорунун абалы менен таанышты. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

Жетекчилер Нарын шаарынын 64 аймагында жана Москва чөлкөмүндө болуп, жагдай менен таанышкан соң, тиешелүү мекемелерге бир катар тапшырмаларды беришти.

Айдоочуларга ыңгайсыздык жаратып жаткан 64 аймагындагы А.Молдоев-Ж.Шералиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги асфальт төшөлбөй калган жол кесимин 1 күндүк мөөнөттө тегиздеп, мындан тышкары кышкысын көзөмөлдөп туруу №41 жол тейлөө ишканасына тапшырылды. Ал эми бул участокто технологиялык талаптарга ылайык асфальт жазында төшөлөт.

Жол кырсыгын алдын алуу максатында Бишкек-Нарын-Торугарт жол каттамындагы шаардын Москва чөлкөмүнө өтүүчү көпүрөнүн эки тарабындагы парапеттерди тегиздеп коюу Копри-Сино-Хидро ишканасына тапшырылды. Ошондой эле жөө адамдарга шарт түзүп берүү үчүн И.Раззаков көчөсүнө өтмөк, жол белги жана светофор койдуруу үчүн техникалык нормаларга ылайык схемасын даярдоо жагы жол кыймылын көзөмөлдөө кызматына берилип, анын негизинде Копри-Сино-Хидро өтмөк, жол белги жана светофор коюу милдетин алды.

Эске салсак, 2016-жылдын 15-16-ноябрында облус башчынын шаар тургундары менен болгон жолугушуусунда 30дан ашык суроо-талаптар айтылып, анын ичинде жол жана жол коопсуздугу боюнча дагы маселе көтөрүлгөн. Маселени биргеликте чечүү үчүн Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине кайрылган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу