Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
24/11 18:40
 

Кара-Кулжадагы мектепке кечке чейин жылуулук берилет

Бишкек, 24-ноябрь /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу айылдык округундагы Ж.Субанов атындагы орто мектебине жылуулук кечке чейин берилет. Бул тууралуу Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмү блдирди.

Маалыматка ылайык, эски мектеп жараксыз абалга келгендигине байланыштуу 1-сентябрдан тартып окуу процесси ички майда-барат иштеринин бүтө электигине карабастан жаңы эле курулуп бүткөн жаңы мектепте башталган.

“Монтаж иштерин бүткөнгө чейин класстын ичтери электр жылыткычтары менен жылытылып жаткан. Азыркы учурда түтүктөргө суу толтурулууда жана кечинде жылуулук бериле баштайт”,-деп айтылат билдирүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу