Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
24/11 10:26
 

Ысык-Көл облусунун башчысы айлык айкысын тоют сатып алуу үчүн Каракол зоопаркына которот

Ысык-Көл облусунун башчысы айлык айкысын тоют сатып алуу үчүн Каракол зоопаркына которот

Бишкек, 24-ноябрь /Кабар/. КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Аскат Акибаев айлык акысын тоют сатып алуу үчүн Каракол зоопаркына котормокчу.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ облус башчысы А.Акибаев “Бугу-Эне” коомдук фондунун президенти, Каракол шаарынын зоопаркынын директору Салтанат Сеитова, Кыргызстандын фотожурналисттер бирикмесинин башкы директору Владислав Ушаков, Каракол шаардык кеңешинин депутаттары Лола Кулинова, Азамат Айтбаев жана Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Каракол зоопаркынын айланасындагы кырдаал талкууланды. Салтанат Сеитова билдиргендей, зоопарктын жамааты каржылоо маселесин чечүүгө аракеттенишкен, бирок аягына чыга алышкан эмес. Аскат Акибаев Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин директору Абдыкалык Рустамов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү убадалады.

“Мен кызыктар тараптардын бары бир столго чогулуп, кырдаалдан чыгуунун жолун сүйлөшүүсү керек деп ойлойм. Биз бир пикирге келебиз деп үмүттөнөм. Бул өлкөдөгү жалгыз зоопарк да. Мындай маселелер биринчи кезекте жергиликтүү деңгээлде чечилиши керек, анткени барыбыз өлкөдөгү жалгыз зоопарктын жакшырышына кызыкдарбыз”,-деди ал.

Жыйынтыгында А.Акибаев өзүнүн айлык акысын зоопарктын эсебине которуу тууралуу чечим кабыл алды.

“Эгер бүгүн зоопарктын кызматкерлери кандайдыр бир аракеттерди көрүп жаткан болсо, мен дагы четте карап турбайм. Мен жаныбарларга тоют сатып алуу үчүн айлыгымды зоопарктын эсебине котором. Албетте бул керектөөнүн барын жаппайт, бирок кырдаал жолго коюлганча башка жетекчилер дагы менден кийин ушул жолго барат ден абдан үмүттөнөм”,-деди облус башчысы.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу