Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
23/11 17:59
 

Абиш Халмурзаев Баткен шаарынын Токтогул олуя жаңы конушунун эли менен жолукту

 Абиш Халмурзаев Баткен шаарынын Токтогул олуя жаңы конушунун эли менен жолукту

Бишкек, 23-ноябрь /Кабар/. КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Баткен шаарынын Токтогул олуя жаңы конушунун эли менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда таза суу, транспорт, мектеп, бала бакчасы жана ФАП маселелри айтылды. Жаңы конушта жалпы 100 гө жакын кожолук жашайт. Шаардын борборунан 7 чакырым алыстыкта. Жергиликтүү тургундардын айтымында конуштан 163 бала шаардын борборундагы мектептерге барып окушат. Жол алыс болгондуктан транспорт каттабайт. Мектепке барып келүүгө кыштын күнүндө кооптуу болгондуктан алар жергиликтүү бийликтен тарнспорт маселесин чечип берүүнү айтышты.

Ошондой эле, таза суу маселеси боюнча Баткен шаарынын мэри Гапар Матказиев жакынкы күндөрдө оңдоп-түзөө иштери бүтүп, суу берилерин, транспорт маселеси боюнча балдарды мектепке жеткирүү жана алып келүү үчүн күнүнө 3 маалдан балдарга транспорт уюштурулаарын айтып кетти.

Облус жетекчиси келечекте планга жаңы конушка мектеп, бала бакча жана ФАП куруу иштерин киргизүүнү шаар жетекчилигине тапшырды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу