Аймак

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
22/11 14:04
 

Ош шаарында прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Ош шаарында прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Бишкек, 22-ноябрь /Кабар/. Бүгүн, 22-ноябрь Ош шаарында КРнын прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата сыйлоо аземи болуп өттү. АгаОш шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, бөлүм башчылар жана прокуратура кызматкерлери катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

Жыйында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин атынан биринчи вице-мэр куттуктап, ийгилик каалады.

“Түйшүктүү жумушуңуздардын акыбети кайта берсин. Майрамыңыздар менен! Өз учурунда сатылып, менчиктештирилип кеткен жайларды мамлекеттин карамагына өткөрүүдө салымыңыздар эбегейсиз. Эс алуучу жайлар, бассейндерди жана башка жайларды муниципалдыкка өткөрүүдө көп эмгек кылдыңыздар. Дагы да болсо жеке кызыкчылык үчүн эмес, эл үчүн эмгек кылып жүрө бериңиздер”,- деди З.Аскаров.

Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарында мыйзамдуулукту сактоону камсыз кылууга, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин коргоого кошкон барандуу салымы жана ак ниет эмгеги үчүн КРнын прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Ош шаарынын прокуратурасынын, башкы прокуратуранын шаардагы бөлүмүнүн бир катар кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары менен сыйланды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу