22.11.2016, 10:41

Бишкек-Ош автожолунун 2 участкасында кечээ кечинде 5 миң кубометрден ашык кар көчкүсү түштү

Бишкек-Ош автожолунун 2 участкасында кечээ кечинде 5 миң кубометрден ашык кар көчкүсү түштү

Бишкек, 22- ноябрь /Кабар/. Бишкек-Ош автожолунун 2 участкасында кечээ кечинде 5 миң кубометрден ашык кар көчкүсү түштү, деп билдирилди КР Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, Чүй облусунун Бишкек-Ош автожолунун 132 км аралыгында 2 миң 200 кубометр жана Токтогул районунун 233-234 км аралыгында 3 миң 100 кубометр кар көчкүсү түшкөн.

“Кар көчкү автожолго чейин жеткен эмес. Жапа чеккендер жок” –дешти басма сөз кызматынан.