Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
21/11 17:22
 

Чоң-Алай районунун борборунда 200 орунду мечит ачылды

 Чоң-Алай районунун борборунда 200 орунду мечит ачылды

Бишкек, 21-ноябрь /Кабар/. Бүгүн, Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында заманбап үлгүдөгү жаңы мечит пайдаланууга берилди. Бул боюнча Чоң-Алай райондук хатибиятынын маалымат катчысы Апызбек Саитов билдиргенин Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык аталган мечиттин ачылуу аземине Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, Чоң-Алай районунун акими Жумадилла Жапаров, доктор Абдышүкүр Исмаилов, райондун башкы имам-хатиби Эрмекбай ажы Ташбековдор катышып, жергиликтүү тургундарды мечиттин ачылышы менен куттуктады. Облус казысы Самидин кары Атабаев мечит ар бир мусулмандын руханий ишенимин бекемдөөчү аянтча экендигин белгилеп, мечит аркылуу коомчулукка дин, жаштарга адеп-ахлак, жалпы мусулмандарга илим жетип туруусуна тилектештигин билдирди. Андан соң Чоң-Алай районунун акими Жумадилла Жапаров доктор Абдышүкүр Исмаиловдун чет элдик демөөрчүлөр аркылуу райондо бир топ мечиттерди жаңылоого кошкон салымы үчүн ардак грамота жана ардактуу атуул наамы менен сыйлады.

Эскерте кетсек, аталган мечит чет элдик демөөрчү фонддордун колдоосунда 200 орунга ылайыкташып, 4 айда бүткөрүлгөн.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу