Аймак

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
16/11 19:02
 

Ош шаарында жаш активистер үчүн ачык эшиктер күнү болуп өттү

Ош шаарында жаш активистер үчүн ачык эшиктер күнү болуп өттү

Бишкек, 16-ноябрь /Кабар/. Бүгүн, 16-ноябрь Ош шаарындагы 40дан ашуун активдүү жаштардын катышуусунда ачык эшиктер күнү болуп өттү. Алгач активистер Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин жеке кабыл алуусунда болушту. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев жаштарга ийгилик каалап, терең билим алуу менен гана ийгиликтер ишке аша тургандыгын белгиледи.
“Билимдүү жаштар өсүп чыкса мамлекеттин туруктуулугу сакталып, өсүп өнүгүү болот. Андыктан талыкбай билим алып, өлкөгө пайдалуу салым кошууга аркеттениш керек. Жаш активистердин идеяга бай, жаңы демилгелерин колдоого Ош шаарынын мэриясы дайым даяр. Сиздер үчүн ардайым эшик ачык. Шаардын гүлдөп өсүшүнө салым кошуп долбоорлор менен иштеп, жигердүү коомду түзүүгө аракет кылыңыздар”,-деди А. Кадырбаев.

“Ачык эшиктер күнү” акциясынын алкагында келечек муундун өкүлдөрү Ош шаарнын мэриясынын аппараты менен таанышып чыкты. Андан сөң, шаарда жайгашкан мекеме-ишканаларды кыдырып, жүргүзүлүп жаткан иш аракеттерин көрүштү. Ошондой эле, бир катар өндүрүш ишканаларынга барып кайтышты. Акция эл аралык жаштар күнүнө карата жарыяланган бир жумалыктын алкагында Ош шаардык жаштар комитети тарабынан уюштурулду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу