Аймак

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
16/11 15:35
 

Ош шаарында референдум өткөрүүгө даярдыктар жүрүп жатат

Ош шаарында референдум өткөрүүгө даярдыктар жүрүп жатат

Бишкек, 16-ноябрь /Кабар/. Бүгүн, 16-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында КРнын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча референдумду өткөрүүнү уюштуруу боюнча шаардык штабдын жыйыны болуп өттү. Ага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, вице-мэрлер, шаардагы бардык мекеме ишканалардын жетекчилери жана штабдын мүчөлөрү катышты. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

А.Кадырбаев референдумду өткөрүүнүн зарылчылыктарына, маанилүүлүгүнө токтолуп, өткөрүүнү уюштуруу боюнча тапшырмаларды берди.

“Өзүңүздөргө белгилүү болгондой 2016-жылдын 11-декабрында өлкөбүздүн турмушундагы маанилүү саясий окуя - Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча референдумдун өтүшү күтүлүп жатат. Ошондон улам референдумду өткөрүүгө байланышкан уюштуруу иштерин жүргүзүү максатында шаардык штаб түзүлүп, мыйзамдык укуктардын жана милдеттердин чегинде иш алып барууда. Штабга референдум өткөрүү боюнча участкалык комиссияларга бекитилген жооптуу кызматкерлер менен биргеликте референдумду өткөрүүгө байланышкан уюштуруу-техникалык багыттагы иштерди жүргүзүүнүн жоопкерчилиги жүктөлгөн”,-деди шаар мэри.

Жыйындын жүрүшүндө, референдумду өткөрүүнү уюштуруудагы даярдыктар жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдижалил Муратов, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы Таянь-Шанбек Марифов, паспорт жана виза бөлүмүнүн башчысы Ренат Алиев маалымат беришти.

“Учурда шайлоочулардын тизмеси 12 аймактык кеңештин кызматкерлери тарабынан такталып, шайлоочулардын тизмесине бөлөк участкалардан кошулуп калган 3244 шайлоочу өз участкаларына отургузулду. Бүгүнкү күндө Ош шаары боюнча жалпысынан 118894 шайлоочу, 73 шайлоо участкасы бар. Өткөрүлүүчү референдумда иш алып баруучу 364 оператордун тизмеси такталды жана улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына текшерүүгө жөнөтүлдү. Ош шаары боюнча эски үлгүдөгү 752 паспорт аныкталды. алардын 41и шаардагы учеттон чыгып кетишкен, 22 си каза болгон, 83ү шаарда жашабайт, 195 ID карт алуу үчүн даярдоого жөнөтүлдү, 3 адам паспорт алуудан баш тарткан, калган 408 жаранга ID карт алмаштырылып берилди. Биометрикалык маалыматын тапшырбаган жарандар үчүн 2 аппарат иштеп жатат. Алар шаардык паспорт жана виза бөлүмүндө жана Амир-Тимур аймактык кеңешиндеги паспорт бөлүмүндө”,-деп билдирди Таянь-Шанбек Марифов.

Жыйындын соңунда, А.Кадырбаев референдум өткөрүү боюнча участкалык комиссияларга бекитилген ар бир жооптуу кызматкер ошол участоктогу иштерди уюштурууну, ар бир жооптуу кызматкер тиешелүү мекеменин, уюмдун, ишкананын жетекчилиги менен биргеликте добуш берүү участкасынын жабдылышын (зарыл бөлмө, добуш берүү жайы, техникалык жана автотранспорт каржаттары, телефон байланышы, операторлор, электр энергиясы ж.б.) камсыз кылууну, участкалык комиссиялардын ишин сапаттуу уюштурууну, коомдук тартипти камсыз кылууну, добуш берүү участкаларын кошумча генератор, жетиштүү сандагы электр жабдыктары менен камсыз кылууну тиешелүү жетекчилерге тапшырды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу