Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
15/11 10:01
 

Миң-Куш-Ыраакы-Миң-Куш ички чарбалык унаа жолунда жер көчкү жүрдү

Миң-Куш-Ыраакы-Миң-Куш ички чарбалык унаа жолунда жер көчкү жүрдү

Бишкек, 15-ноябрь /Кабар/. Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айыл аймагында 2016-жылдын 15-ноябрында Миң-Куш-Ыраакы-Миң-Куш ички чарбалык унаа жолунун 3-4-чакырымында болжол менен көлөмү 80 000 м3 болгон жер көчкү жылган. Натыйжасында көлөмү 1500м3 болгон жер көчкү унаа жолго сүрүлүп, унаа жол эки тараптан жабылып калган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жабыркагандар жок. Унаа жолдон 3 чакырым алыстыкта кошумча айлампа жол бар.

Учурда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн башчысы менен Жарандык коргонуу комассия тарабынан жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө.

“Жумгал суу курулуш” ишканасынан 1 экскаватор, 1 самосвал жана 8 адам тазалоо иштерине тартылды.

1 из 4

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу