Аймак

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
14/11 10:54
 

Ысык-Көлдө «Jashtar-CAMP 2016» жаштар жыйыны болду

Бишкек, 14-ноябрь /Кабар/. Каракол шаарында 13- ноябрда «Jashtar-CAMP 2016» жыл сайын өтүүчү жаштар жыйыны болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жыйынга катышкан Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аскат Акибаев облусту өнүктүрүү жана инновация киргизүү жаштардын активдүү катышуусу менен гана ишке ашаарын белгиледи.

“Сиздер менен бирге биздин максат – Ысык-Көл облусун гана эмес, бүтүндөй Кыргызстанды өнүктүрүү болуп саналат. Быйыл Ысык-Көлдүн жээгинде жана Каракол шаарында бир топ тарыхый-маданий иш-чаралар болду. «Issyk-Kul ITF 2016» эл аралык туркөргөзмө жармаңке фестиваль форматында өттү. Ага Казакстан, Өзбекстандан, Россия, Тажикстандан 39 туроператорлору катышты. Анда Кыргызстандын 70 пансионаттары жана саноториялык-курорттук жайлары бетачар аземдерин өткөрүштү. Жаштарыбыз дагы да мына ушундай ири масштабдагы долборлорду, идеяларды ишке ашырат деп ишенем”, - деди облус башчысы.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу