Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
12/11 12:07
 

Жалал-Абадда бала бакчанын коошумча имараты ишке берилди

Жалал-Абадда бала бакчанын коошумча имараты ишке берилди

Бишкек, 12-ноябрь /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жайгашкан №26 “Балапан” бала бакчасынын кошумча жаңы имараты ишке берилди. Буга арналган салтанатка шаар мэри Салайдин Авазов катышып, бала бакчанын эмгек жамаатына ийгиликтерди каалады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Бала бакчанын жетекчиси Адалат Туташова билдиришинче, аталган бала бакчада буга чейин 110 бала тарбияланып келсе, мындан кийин жаңы имараттын салынышы менен кошумча 30 баланы кабыл алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

"Биз шаар мэриясына жана шаардык билим берүү бөлүмүнө чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Себеби, бизге балдарын бергиси келген ата-энелер көп, бирок балдар үчүн орун аз болуп келген. Эми бир катар үй-бүлөлөр үчүн жакшы шарт түзүлдү", - дейт А.Туташова.

Шаар мэри балдардын жакшы тарбиялануусу жана билим алуусу үчүн аракеттер жасалып, ар кандай шаттарды түзүү улантыла берерлигин билдирди. Ал эми шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев да жакшы шарттарды түзүп берип атканы үчүн шаар жетекчилигине ыраазылык билдирди.

Эскерте кетсек, “Балапан” бала бакчасынын кошумча жаңы имаратын куруу үчүн шаар бюджетинен 5 миллион 17 миң сом акча каражаты каралган. Ал эми шаарда 22 муниципалдык, 5 менчик бала бакчалары бар.

 

1 из 6

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу